www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде элчиликтин 2022-2025-жылдардагы ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берди.
Өмүрбек Текебаевдин айтымында, буга чейин Борбор Азиядагы инвестициянын болжол менен 95% Өзбекстан менен Казакстанга кеткен, ал эми Кыргызстан менен Тажикстан дээрлик эч кандай инвестиция көргөн эмес.
Ал белгилегендей, Орусия менен Украинанын ортосунда согуштук аракеттер башталгандан бери Европа өлкөлөрүнүн Кыргызстанга карата приоритеттери бир топ өзгөрдү.
Текебаев 2018-жылы Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы товар жүгүртүү 70-80 миллион долларды гана түзгөнүн, андыктан аны дээрлик жок деп эсептөөгө болорун билдирди.
Учурда товар жүгүртүү дээрлик он эсе өстү.
Кыргызстандын статистикасы боюнча, 429 миллион долларды түзсө, Германиянын маалыматы боюнча 733 миллион долларга жеткен.
Бирок Орусияга карата санкциялык саясаттын өзгөрүшүнө байланыштуу акыркы мезгилде соода жүгүртүү төмөндөй баштады.
Германиянын Кыргызстанга инвестициясы жылына 5 миллион доллардан 10 миллион долларга чейин болгон.
2022-жылдан бери бул көрсөткүч 2,5 эсе өсүп, азыр жылына болжол менен 40–50 миллион долларды түзөт.
Акыркы жылдары Кыргызстанга түз инвестиция 30% гана өстү.
2018-жылы Кыргызстанга 851 миллион доллар инвестиция келген.
2019-жылы – 1 миллиард доллар, 2020-жылы – 537 миллион доллар, 2021-жылы – 1 миллиард доллар, 2022-жылы – 1 миллиард доллар.
2023-жылы – 844 миллион доллар, 2024-жылы – 1 миллиард доллар, 2025-жылы – 950 миллион доллар.
"Экономика өсүүдө деп айтабыз, бирок көрсөткүчтөр ушундай. Бул жаатта дагы көп иштер жасалышы керек", - деди элчи.