www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ысык-Көл районунун мамлекеттик нотариалдык кеңсесинин нотариусу — 1976-жылы туулган К.К.К. кармалды.
«Ал нотариалдык кызмат көрсөтүүлөр үчүн накталай акчаны жеке өзү алып турганы катталып, алынган суммалар мамлекеттик тарифтерден кыйла жогору экени аныкталды. Аталган аракеттер "Нотариат жөнүндө" мыйзамын жана Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 19-февралындагы №121 токтомун бузуу менен жүргүзүлгөнү такталды, ага ылайык, мамлекеттик алым нотариалдык иш-аракет жасалганга чейин гана жана накталай эмес түрдө (банктык төлөмдөр аркылуу) төлөнөт.
Мындан тышкары мыйзамсыз алынган каражаттардын суммасы 1000 сомдон 20 000 сомго чейин өзгөрүп тургандыгы аныкталган.
Учурда тергөө иш-чаралары уланууда. К.К.К.нын мыйзамсыз иш-аракеттеринен жабыркаган жарандар болсо УКМКнын Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгына: +996392251180 жана +996555540052 номурлары аркылуу кайрылууга чакырабыз», - дейт УКМК.