www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Балыкчы шаарында синтетикалык баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө байланыштуу кылмыштуу топ кармалганын ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
2026-жылдын март айында милиция кызматкерлери тарабынан «спайс» колдонууга байланыштуу төрт уулануу фактысы аныкталып, алардын биринде өлүм фактысы катталган.
Бул фактылар боюнча чогултулган материалдардын негизинде Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) боюнча кылмыш иши козголгон.
Ыкчам иш-чаралардын натыйжасында 2005-жылы туулган А.М.Т. 5 грамм «спайс» менен кармалып, ал жогорудагы фактыларга тиешеси бар экени белгилүү болгон. Андан ары Бишкек шаарында 2003-жылы туулган дагы эки жаран А.К.С. жана Д.Р.А. 30 грамм синтетикалык баңгизатты сатууга аракет кылып жаткан учурда кармалышкан.
Тергөөнүн жүрүшүндө кылмыштуу топтун уюштуруучусу катары 2001-жылы туулган У.Р.С. аныкталып, кармалып, анын үйүн тинтүү учурунда синтетикалык баңгизаттарды даярдоочу кичи лаборатория табылган. Жалпы 1 кг 505 гр синтетикалык зат, жабдуулар жана башка керектүү каражаттар алынган.
Учурда шектүүлөр камакка алынып, тергөө иш-амалдары уланууда.