www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Кумтөрдүн» мурдагы тышкы башкаруучусу Теңгиз Бөлтүрүк кендин эсептеринен чыгарылып кеткен 650 млн доллар боюнча маалымат берүүгө даяр экенин айтты.

«Кумтөрдүн» мурдагы тышкы башкаруучусу Теңгиз Бөлтүрүк Facebook баракчасы аркылуу өзүнө байланыштуу кылмыш иши жана «Кумтөрдүн» эсептеринен чыгарылып кеткен 650 млн доллар тууралуу онлайн дебатта айтып берүүгө даяр экенин билдирди.

Анын айтымында, аталган каражат ал «Кумтөргө» тышкы башкаруучу болуп дайындалганга бир ай калганда эсептерден чыгарылган.

Бөлтүрүк онлайн дебатта каражаттын чыгарылышынын чоо-жайын жана хронологиясын ачык айтып берүүгө даяр экенин белгиледи.

Ошондой эле ал «Жетим-Тоо» кени, Кыргызстандын тоо-кен тармагы жана Кытай менен кызматташуу боюнча суроолорго жооп берүүгө даяр экенин билдирди.

Мындан тышкары, Бөлтүрүк онлайн талкууга көз карандысыз журналисттерди, блогерлерди жана иликтөөчүлөрдү катышууга чакырды.

Эске салсак, буга чейин президент Садыр Жапаров журналист Али Токтакуновго берген маегинде Теңгиз Бөлтүрүктүн кызматтан алынуу себептерине токтолгон.

Последние новости