www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кант – асфальт бетон заводу жолу убактылуу жабылды

Кант АБЗ унаа жолунун 1–6-чакырым аралыгында жол куруу иштерине байланыштуу унаа кыймылына убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, оор жүк ташуучу жана жеңил унаалар үчүн Кант шаарына өтүүчү айланма жол ачылды. Айдоочуларга жол белгилерине көңүл буруп, көрсөтүлгөн айланма жол аркылуу жүрүү сунушталат.

Жол тилкесинде жүргүзүлүп жаткан курулуш иштерине байланыштуу айдоочуларга жана жергиликтүү тургундарга убактылуу ыңгайсыздыктар жаралышы мүмкүн.

Министрлик айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздук эрежелерин сактап, убактылуу коюлган жол белгилеринин талаптарын аткарууну өтүндү.

Последние новости