www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажикстандан баңгизат ташыган кылмыштуу топ кармалды

Тажикстандан Кыргызстанга аткезчилик жолу менен «гашиш» баңгизатын ташуу жана андан ары сатуу максатында алектенген трансулуттук кылмыштуу баңги тобунун кылмыштуу иштерине бөгөт коюлду. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн өздүгү такталды. Алар 1980-жылы туулган Д.С. жана 1976-жылы туулган Д.Х. аттуу жарандар экендиги такталды. Ыкчам иш-чаранын жүрүшүндө өзгөчө ири өлчөмдөгү жалпы салмагы 19 килограмм 248 граммды түзгөн «гашиш» баңгизаты алынган.

Кармалгандар Юстиция министрлигинин алдындагы Жаза аткаруу кызматынын №21 мекемесине камалышты.

Учурда бул кылмышка тиешеси бар адамдарды аныктоо жана кармоо боюнча кошумча чаралар көрүлүүдө.

 

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости