www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Тажикстандын бийлиги Согдий облусундагы Жаббор Расулов районундагы оорукананын биринде "Кыргызстанга тойго барып, келген бир жаран каза болуп, оорукана карантинге жабылган" деген кабар тууралуу маалымат берди.
“Тажикстанда коронавирустан бир киши каза болду деген сөз чындыкка дал келбейт!”,-деп Согдий облусунун саламаттыкты сактоо башкармалыгынын өкүлү маалымдады.
“Шектенүү болуп жаткандыктан сактык чаралары иретинде маркум жаткан ооруканада иштеген иретинде 11 дарыгерди жана медайымды изоляцияга алдык. Ошондой эле анын иниси менен жээни да изоляцияланды. Алар тапшырган алгачкы анализдин жыйынтыктары таза чыкты, бүгүн дагы анализ тапшырышты. Ошондуктан, Тажикстанда коронавируска чалдыккандар жок деп айта алам, мындан ары да болбойт деп ишенем”,-деп айткан ал.
Инфекциянын жоктугун оорукананын жетекчилиги да тастыктап: “Бизди айрым ЖМКларда абалы оор деп маалымат тарап кеткенин окудум, бирок бул жалган. Кечээ футбол ойноп, бир аз сыркоолоп калдым. Бизди изоляциялашты. Мен муну туура түшүнөм жана колдойм”,-деп билдирген абалы оор деп айтылып жаткан дарыгер.
Дарыгерлердин айтымында каза болгон бейтапта эки тараптуу пневмония болуп, кан басымы жана жөтөл бар экендиги байкалган. Маркумдун жакындарынын айтымында ал чет өлкөгө чыккан эмес.
Эске сала кетсек, бир апта мурда Тажикстанда коронавируска чалдыккандар жоктугун Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму билдирген. Ал эми кечээ “Азаттыктын” тажик кызматы өлкөдө Кыргызстанга бир ай мурда тойго барып келген жаран каза болуп калды деген маалымат жарыялаган.
Бүгүнкү күндө аталган өлкөдө 1133 киши обсервацияда жаткандыгын бийлик расмий түрдө билдирди.
Булак: NazarNews.kg