www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Көл ОИИБдин туристтик-экологиялык милиция кызматы Ысык-Көл акваториясын жана көл жээктеринде тазалоо иш-чараларын үзгүлтүксүз улантууда.
    Иш-чаралардын алкагында Түп районунун көл жээк аймагынан эски синтетикалык торлор, ар кандай тиричилик калдыктары жана экологияга зыяндуу таштандылар чогултулуп, атайын бөлүнгөн жайларга чыгарылууда.

Бирок, тилекке каршы, айрым жарандар эс алуу үчүн келгенде көл жээктерин таза сактоо маданиятын толук сактабай, тамак-аш калдыктарын, пластик бөтөлкөлөрдү жана башка таштандыларды артка калтырып кетишет. Бул көрүнүш Ысык-Көлдүн экологиялык абалына терс таасир тийгизип, айлана-чөйрөнүн корголушуна тоскоолдук жаратууда.

Милиция кызматкерлери жарандарды жаратылышка аяр мамиле кылууга, эс алуу маданиятын жогорулатууга жана ар бир таштандыны өз убагында жыйнап кетүүгө чакырып, жээктердин тазалыгын сактоого өбөлгө түзүүнү улантууда.

Последние новости