www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
- Тазабек мырза, автоунааларга газды колдонуунун коопсуздугу тууралуу сурооңузга өкмөт мүчөлөрү так жооп бере албай коюшту окшойт. Бул маселе канчалык актуалдуу?
- Айдоочулардын көбү азыр акчаны үнөмдөш үчүн бензинден газга өтүп жатышат. Мында эң негизги маселе - бул газ куйган заправкалар. Аларда коопсуздук эрежелери сакталбайт. Кошуна өлкөлөрдө газ куйган заправкалар өзүнчө жайгашкан. Заправкага кирердин алдында ичиндеги жүргүнчүлөр жерге түшүрүлүп, жалгыз гана айдоочу калат. Андай машиналар сөзсүз шамалдуу жерде турушу керек. Заправкада «пропан» жана «метан» деген газдар колдонулат. «Пропан» эң зыяндуу, эң кооптуу. Бизде азыр «пропан» колдонулуп жатабы, же «метанбы» - муну эч ким көзөмөлгө алган жери жок. Бул биздин жарандарыбыздын коопсуздугу үчүн өтө маанилүү нерсе.
- Заправка учурунда газ баллондору жарылып кеткен учурлар али боло элекпи?
- Кудай сактасын, Бишкекте боло элек. Бирок, башка региондордо болгон. Мисалы, былтыр эле Көлдө болду. Каза тапкандар бар. Сөзсүз эле жарылып, кимдир бирөе каза болгондон кийин гана ызы-чуу түшүп калбастан, алдын алышыбыз керек да.
Керим Мурас
Булак: АЗИЯnews