www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
ИИМдин алдындагы тергөө кызматынын башчылыгын Талант Үмөталиев аттуу ойрон жетектегенден бери артынан көп сөздөр ээрчип жүргөнүн кайда катабыз? Өткөн жылдан тарта өлкө аймагы боюнча ИИМдин баардык тергөө топторуна жетекчилик кылып, бул жааттагы буйруктарды да өзү кылып жургөнү боюнча маалыматтар бар. Дал ушул кызматы аркылуу бир региондон башка региондорго которулууну каалаган тергөөчү МЕНТтерден бул эргул үлкөн «жашылбайларды» алуу менен иш кылып келгенин танабы?
Башкасын коё туруп, Такенин Ош облусундагы Ноокат районунун тергөөчүсүн кызматтык которуштуруу каалоосун аткаруу үчүн адеп почта аркылуу 100 миң ала коюп, акыры ишнин өтөсүнө чыкпай калган соң бьшыгы билингени жалганбы?
Анын мындай «эрдиги» башкы прокуратурага да билинип, №150-18-99 номери менен иш козголгонун ачыктай алабы? Кызыгы, иш козголгонуна эки айдан ашуун убакыт болсо да, бул МЕНТ эчтеме болбогондой ордуңда иштеп жатканы кайсы логикага сыят?
Эгерде бу шектүү МЕНТтин духу жетсе, миллионду чалчыган үйү боюнча жооп узатып койбойбу? Башкы прокуратура тарабынан кыңыр иши билинсе да кызматынан "кыңк этип" койбогон ойрондун чынында колдогон кожосу күчтүүбү? Болбосо, министр мындай саны бар, сапаты жок кызматкерин эчак тармактан кууп жиберет эле да...
Ийгилик БОЛСУНБАЕВ
Булак6 АЗИЯньюс