www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин 2-апрелдеги жыйынында депутат Тазабек Икрамов Энергетика министрлигинин ишин сынга алды. Депутат электр энергиясына чектөөлөр кайра башталганын, майнинг компанияларды иштетип, элдин эсебинен пайда көрүп жатышканын белгиледи.

"Ширшовдун командасы кайрадан келди. Силерге чейинки бир да министр майнинг компанияларга уруксат берген эмес. Силер бердиңер. Энергиянын баары ошол жакка кетип жатат. Анан кантип үнөмдөө жөнүндө сөз кылып жатасыңар? Эл үтүгүн да сайбай, үнөмдөп, акысын төлөп атат. Мен Ширшовдун планын билем, ГЭСтердин баарын курутуп, инвесторлорго - Ширшовдун өзүнүн адамдарына өткөрүп берүү. Мына ушуга алып баратасыңар бизди", - деди Тазабек Икрамов.

Депутат учурда ар кайсы ГЭСтерде майнинг компаниялар иштеп жатканын белгилеп, анын ичинен Камбар-Ата-2 ГЭСинде да майнинг компания отурганын айтты.

Энергетика министринин орун басары Атабек Абылгазиев сырттан алынган насыя жана гранттарга көптөгөн иштер жасалып жатканын, ГЭСтерди куруу менен энергетикадагы таңсыктыкты жоюу аракети жүрүп жатканын билдирди.

Алексей Ширшов 2005-2010-жылдары президент Курманбек Бакиевдин тушунда Кыргызстанда энергетикадагы коррупциянын көмүскө схемасын түзүүгө шектелген. 2010-жылы убактылуу өкмөт ага каршы кылмыш ишин ачып, издөө жарыялаганын билдирген.

Ширшов 2022-жылы май айында "Аврора плюс" пансионатындагы кымбат баалуу ондогон батир жана коттеждердин менчикке өтүп кеткени боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалып, көп өтпөй үй камагына чыккан. Көп өтпөй Садыр Жапаров аны менен беш-алты ай мурда жолукканын, 2010-жылы Убактылуу өкмөт Ширшовго иш козгобогонун, издөөгө албаганын билдирген.

Ошол маалдагы Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси, убагында Убактылуу өкмөттүн мүчөсү болгон Азимбек Бекназаров Ширшовго иш ачылган эмес деген сөздү төгүндөгөн.

Энергетика министрлиги Токтогул ГЭСинин жана Үч-Коргон ГЭСин гидроагрегаттарындагы реконструкциялоонун башталышына байланыштуу 5-марттан тартып, электр энергиясын пайдаланууга кыска мөөнөттүү чектөө киргизген. 13-марттан тарта чектөөлөр алынганы кабарланганы менен аймактарда алигүнчө электр энергиясы өчүрүлүп жатканы айтылып келет.

Кыргыз өкмөтү соңку эки жылдан бери электр энергиясынын таңкыстыгын жабуу үчүн Түркмөнстан, Өзбекстан жана Казакстандан 3 млрд кВт электр тогун импорттоп келет. Быйыл ага кошумча Орусиядан да 870 млн кВттан ашуун электр кубатын импорттоду. Өзбекстан жана Казакстан менен электр энергиянын айрым бөлүгү өз ара алмашуу аркылуу соодаланат.

Последние новости