www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орусиянын Татарстан Республикасындагы Нижнекамск шаарына жасалган дрон чабуулунан каза болгондордун саны 13кө жетти. Бул тууралуу Татарстан башчысынын басма сөз кызматына шилтеме берүү менен орусиялык мамлекеттик ЖМКлар билдирди.
Буга чейин 10-августта эртең менен 12 адам каза болуп, 39 киши жабыркаганы маалымдалган.
Маалыматка караганда, дрондор Нижнекамск шаарындагы өндүрүштүк жана жарандык объектилерге сокку урган. Татарстандагы Альметьевск, Бугульма, Елабуга, Заинск, Лениногорск, Нижнекамск, Набережные Челны жана Чистополь шаарларында «БПЛА чабуулу коркунучу» режими киргизилген.
Мындан тышкары, Татарстанда Нижнекамск шаарындагы чабуулдан каза болгондорго байланыштуу аза күтүү күнү жарыяланды.