www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ташкент шаарында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин атом энергиясын тынчтык максатта пайдалануу боюнча Комиссиясынын XXVI жыйыны болуп өттү.

Иш-чарага Армения Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Кыргыз Республикасынын, Россия Федерациясынын, Тажикстан Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын делегациялары катышты.

Жыйындын катышуучуларына Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министринин биринчи орун басары, Комиссиянын төрагасы Азамат Мамбетов, КМШнын Башкы катчысынын орун басары Ильхом Нематов жана Өзбекстан Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Атом энергетикасын өнүктүрүү агенттигинин директорунун орун басары Нозим Муксинов куттуктоо сөздөрү менен кайрылышты.

Жыйында Комиссиянын 2025-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары чыгарылып, уран казып алуу өндүрүштөрүнүн таасирине дуушар болгон аймактарды рекультивациялоо боюнча Мамлекеттер аралык максаттуу программанын иш-чаралары толук аткарылганы тууралуу маалымат угулду.

Бул программанын алкагында Кыргыз Республикасында эки хвостохранилище жоюлуп, беш объект радиациялык коопсуз абалга келтирилди. Программанын жыйынтык отчету белгиленген тартипте КМШнын жогорку органдарынын кароосуна сунушталат.

Казакстан тарап 2025-жылы казакстандык материал таануу токамагында илимий изилдөө программасы ийгиликтүү ишке ашырылганы тууралуу баяндама жасады.

Ошондой эле жыйындын жүрүшүндө КМШга мүчө мамлекеттердин илимий уюмдарынын биргелешкен изилдөөлөр программасынын долбоору, 2014–2024-жылдардагы изилдөөчү ядролук түзүлүштөрдү пайдалануудагы коопсуздук абалы боюнча отчет, атом энергиясын тынчтык максатта пайдалануу боюнча 2030-жылга чейинки кызматташуу алкактык программасынын биринчи этабын ишке ашыруу планынын аткарылышы боюнча отчет жактырылды.

Мындан тышкары, «Чакан кубаттуулуктагы атомдук станциялар: негизги аспектилер жана жашоо цикли» аттуу адистештирилген жогорку окуу жайлардын окутуучуларын кошумча даярдоо программасы колдоого алынды.

Комиссиянын мүчөлөрү туруктуу ядролук-энергетикалык системаларды стратегиялык пландаштыруу үчүн зарыл болгон компетенцияларды өнүктүрүү маселелерин талкуулап, КМШ өлкөлөрү үчүн атайын окуу курсун өткөрүүнү колдошту.

Жыйындын алкагында Кыргыз Республикасынын уран мурастары жайгашкан шаарлардын Ассоциациясын түзүү демилгеси каралып, бардык мүчөлөр тарабынан колдоо тапты.

Ошондой эле жараксыз пестициддер менен коопсуз иш алып баруу боюнча Мамлекеттер аралык программаны иштеп чыгуу демилгеси жактырылып, изотоптук продукцияны колдонуу жана электр энергиясын сактоо системалары боюнча кызматташуунун келечеги талкууланды.

Последние новости