www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
9-июлда Ошто мамлекеттик кызматкерлер катышкан жыйында сөз сүйлөп жаткан УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңештин айрым депутаттары кадр саясатына аралышып жатканын айтты.
Ташиев өз сөзүндө депутаттар Надира Нарматованы, Бакытбек Мариповду, Улан Примовду, Данияр Төлөновду, Таалайбек Сарыбашевди, Улугбек Ормоновду мисал кылып, алардын кайсы бир кызматка дайындоого, иштен алууга аралашкан учурлары болгонун айтты.
«Урматтуу мамлекеттик органдын жетекчилери, силердин ишиңерге эч ким кийлигишпеши керек. Жогорку Кеңештин депутаттары, келип алып «тигини кызматка кой, тигини кызматтан ал» дегенди токтоткула! Жогорку Кеңештин депутаттары кайсы кадр маселерине кийлишкени тууралуу менде маалыматтар бар», — деди Ташиев.