www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Касым-Жомарт Токаев АКШнын Казакстандан келген товарларга бажы төлөмдөрүн киргизүү чечимине байланыштуу Дональд Трампка жооп кайтарып, кат жөнөттү.

Акордодон билдиришкендей, мамлекет башчысы Казакстан Америка Кошмо Штаттарынын көптөн берки соода жана инвестициялык өнөктөшү катары адилеттүү, алдын ала болжолдоого мүмкүн болгон жана өз ара пайдалуу соода мамилелерин өнүктүрүүгө берилгендигин баса белгиледи.

Казакстандын президенти өлкө соода маселелери боюнча рационалдуу чечим табуу максатында конструктивдүү диалогту улантууга даяр экенин ырастады.

Касым-Жомарт Токаев соода маселесинде компромисске жетүүгө ишенимин билдирди.

Эске салсак, бир нече күн мурда АКШ президенти Дональд Трамп өзүнүн Truth Social социалдык тармагында бир катар мамлекеттердин башчыларына жиберген каттарын жарыялаган. Алардын арасында Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевге жөнөтүлгөн кат да болгон. Анда 1-августтан тарта АКШ Казакстандан келген товарларга 25% бажы төлөмдөрүн киргизе турганы жазылган.

Последние новости