www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
УКМК жетекчиси Камчыбек Ташиев Чүй облусунун аткаминерлерине катуу талап койду. Төрага кечээ, 24-июнда Токмок шаарына барып, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен жыйын өткөргөн.
Анын жүрүшүндө УКМК башчысы Токмок шаарына былтыр бюджеттен бөлүнгөн 1 миллиард сом натыйжасыз сарпталганына ачууланып, облус башчысын зекиди.
"Шаардын ар бир метр жерин жөө аралап, суу жетпеген жерине суу жеткирип, тазалап, көрктөндүргүлө. Чүйдөгү президенттин өкүлүнө, акимдер жана шаар мэрлерине үч күн убакыт берем. Ойлонгула! Иштегиси келбегендер, көзү жетпегендер, арыз жазып кеткиле. Кеткендердин ордуна иштейм деген жаңы балдар келет. Ал эми кетпей калгандарга талап катуу коюлат", — деди Ташиев.
Эске салсак, Токмок шаарынын мэри, муниципалдык менчик башкармалыгынын жетекчиси жана эс алуу багын курууга жооптуу "Ал-Кадыр-Сантехсервис" ЖЧКсынын аткаруучу директору УКМК төрагасынын буйругу менен жыйын учурунда кармалган.