www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкекте милиция кызматкерине пара берген шектүү кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти.
Маалыматка караганда, Ленин РИИБге жаран арыз менен кайрылган. Арызында WhatsApp, Telegram мессенджерлери жана Lalafo интернет-платформасы аркылуу белгисиз адам анын жашы жете элек кызына интимдик сүрөттөрдү жарыялайм деп коркутуп, шантаж кылып жатканын билдирген.
Бул факты Ленин РИИБ тарабынан каттоого алынып, текшерүү иштери башталган.
Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө жана тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө Чүй облусунун Военно-Антоновка айылынан 2003-жылы туулган шектүү кармалган. Шектүүнү тергөө кызматына алып келген учурда, ал кылмыш жоопкерчилигинен кутулуу максатында жана маселени өз пайдасына чечүү үчүн милиция кызматкерлерине 100 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын сунуштаган.
Бул факты боюнча Ленин РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш жаза кодексинин 345-беренеси («Кызмат адамына пара берүү») менен кылмыш иши козголгон жана шектүү убактылуу кармоочу