www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президенттин тапшырмасы менен тарыхта биринчи жолу Бишкекте 40 кабаттуу турак жай комплексинин курулушу башталды. Бул тууралуу президенттин иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев билдирди.

Анын айтымында, бүгүн, 24-ноябрда башталган бул чоң долбоор- жөн гана жаңы үйлөрдүн курулушу эмес. Бул өлкөнүн өнүгүүсүндө жаңы этап.

"Министр Нурдан Кемелович Орунтаев белгилегендей, комплекс толугу менен сейсмикалык туруктуулук талаптарына жооп берет. Бардык эсептөөлөр, конструкциялар, коопсуздук нормалары — бирдиктүү стандарттарга ылайык", - деди Туманбаев.

Комплекстин негизги параметрлери:

 • 14 блоктон турат:

 • 10 үй – 35 кабат

 • 4 үй – 40 кабат

 • Жалпы батирлер – 4 160

 • Паркинг: 4 200 унаага ылайык, 3 деңгээлдүү жер алдындагы паркинг

 • Спорт жана эс алуу зоналары: бассейн, спорт борбору, балдар аянтчалары, теннис, баскетбол, дене тарбия аянтчалары, мини-футбол талаасы

 • Билим берүү объектиси: 750 орундуу мектеп, 280 балага ылайык бала бакча

 • Коопсуздук чаралары: өрт коопсуздугу үчүн атайын жолдор жана кошумча унаа токтотуучу зоналар

Бул көп функциялуу комплекс-шаардык жашоонун жаңы стандарты.

Технология, тажрыйба, сапат- баары бир жерде чогулган.

Последние новости