www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, саат 11:08де, милицияга Telegram мессенджери аркылуу Бишкек шаарындагы №24, №44, №15, №10 мектептеринде, ошондой эле Kings International School жеке мектебинде террористтик актылар даярдалып жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Аталган маалыматтын негизинде тиешелүү райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн ыкчам-тергөө топтору дароо окуя болгон жерлерге жөнөтүлүп, мектептердеги мугалимдер менен окуучулар эвакуацияланды. Аймактар курчоого алынып, кинологдордун катышуусунда текшерүү иштери жүргүзүлдү.

Бактыга жараша, текшерүүнүн жыйынтыгында жардыруучу заттар табылган жок.

Белгилей кетсек, буга чейин да ушуга окшогон жалган билдирүүлөр бир нече жолу катталган. Укук коргоо органдары мындай маалыматтарга көңүл бурбай коюуга укуксуз, анткени анын артында реалдуу коркунуч болушу мүмкүн.

Акыркы учурларды эске салсак, 8-декабрда Бишкектеги супермаркеттерде, ал эми 9-декабрда эки мектепте бомба коюлганы тууралуу маалыматтар түшүп, алардын баары текшерүү учурунда жалган экени аныкталган.

Мындай жоопкерсиз аракеттердин кесепетинен мекемелердин иши үзгүлтүккө учурап, укук коргоо органдары негизги кызматынан алаксып калууда. Ушуга байланыштуу, жалган маалымат тараткан адамдарга карата катуу чара көрүү зарылчылыгы келип чыкты.

Последние новости