www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Талас облусунда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына арналган “Биримдик кербени” аймактык долбоорунун алкагында “Беш-Таш” суусун урматтоо жана Бишкек шаарына узатуу аземи болуп өттү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Джумаев, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана облустун тургундары катышты.
Аземдин жүрүшүндө сүйлөгөн сөзүндө Эрмат Джумаев суу эзелтен бери жашоонун, берекенин жана руханий тазалыктын булагы катары бааланып келгенин белгилеп, ар кайсы аймактардан чогултулган суулардын бириктирилиши кыргыз элинин ынтымагын жана биримдигин символдоштурарын айтты.
“Биримдик кербени” долбоорунун алкагында Талас облусунун атынан бир “облус баатыры” жана беш элчи тандалып алынган. Облус баатыры катары бокс боюнча дүйнө чемпионатынан коло медаль уткан Тыныстан Алыбаев белгиленди.
Долбоордун өнөктөштөрү катары ABank, Chevrolet Kyrgyzstan жана UNICEF катышып, иш-чараны колдоого алышты. UNICEFтин колдоосу менен балдар кербени уюштурулуп, анда катышуучулар улуттук оюндар жана көчмөн маданияты менен таанышты.
Салтанат учурунда Тыныстан Алыбаев “Беш-Таш” көлүнүн башатынан алынган ыйык сууну көөкөргө куюп, элчилер менен бирге Бишкек шаарына жөнөп кетти.
Делегация 31-августта Бишкек-Аренада өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышып, Таластан алып барылган ыйык сууну расмий түрдө тапшырат.
Долбоордун уюштуруучуларынын маалыматына ылайык, 2026-жылдагы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышында Кыргызстандын жети облусунан чогултулган суулар бир идишке куюлуп, элдин биримдигин, улуттук баалуулуктарын жана маданий мурасын символдоштурат.
Иш-чара кыргыз элинин бай маданий мурасын, көчмөн цивилизациясынын улуулугун жана өлкөнүн биримдик рухун дүйнөгө таанытууга багытталган.