www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Талас шаарында 40 чакырым ички жолдорду куруу иштери башталды.
Президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, учурда 12 көчөдө толук кандуу курулуш иштери жүрүп жатат.
Бүгүн президенттин өкүлү Эрмат Жумаев, Талас шаарынын мэринин орун басары Айбек Көрөбаев жана тиешелүү жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жол куруу иштеринин жүрүшү менен жеринде таанышты.
Эрмат Жумаев белгилегендей, бул долбоор президент Садыр Жапаровдун жеке тапшырмасынын негизинде ишке ашырылууда. Долбоорду каржылоо республикалык бюджеттен жана Президенттин турукташтыруу фондунан бөлүнгөн каражаттардын эсебинен жүргүзүлүүдө.
"Жол куруу иштерин жеке көзөмөлүмө алып, алардын сапаттуу жана өз мөөнөтүндө бүткөрүлүшүнө өзгөчө көңүл бурабыз. Анткени алдыда өлкөбүздүн Эгемендүүлүк күнүн салтанаттуу белгилөө иш-чаралары Талас облусунда өткөрүлөт", - деди ал.
Өкүл 40 чакырым жол – бул шаардын олуттуу бөлүгүн түзөрүн, буга байланыштуу борбордук көчөлөрдүн көбү убактылуу жабыларын белгиледи.
"Курулуш иштери болжол менен 4 айга созулат. Жолдор толук бүткөрүлгөндөн кийин шаар көрүнүктүү өзгөрүп, узак жылдар бою элибизге кызмат кылат деп ишенем. Жаралган убактылуу ыңгайсыздыктар үчүн түшүнүү менен мамиле кылууңуздарды суранабыз", - деди ал.
Учурда биринчи этапта 12 көчөдө жалпы 28 чакырым жолду куруу иштери активдүү жүрүүдө. Экинчи баскыч менен дагы 7 көчөдө курулуш иштери башталмакчы. Бүгүнкү күндө долбоорду ишке ашырууга 5 подряддык компания тартылып, бекитилген графикке ылайык иш алып барышууда.