www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында аймактагы жол курулуш иштеринин жүрүшү менен жеринен таанышты.
Министр алгач Чолпон-Ата шаарындагы айланма жолдун курулушун текшерди. Узундугу 15,64 чакырымды түзгөн жол төрт тилкелүү болуп курулууда.
Ошондой эле Талантбек Солтобаев Көчмөндөр оюндарында ат оюндары өтө турган жайдагы курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышып, объектилердин даярдыгын текшерди.
Мындан тышкары, Түп–Кеген унаа жолунун 0–39-чакырымдарында жүргүзүлүп жаткан иштер каралды. Учурда жолго экинчи катмар асфальт төшөлүп, бүгүнкү күнгө карата анын 14 чакырымы толугу менен бүткөрүлдү.
Боз-Учук–Шахта–Жыргалаң унаа жолунун 14,5 чакырымдык тилкесинде жер жумуштары аткарылууда. Ал эми Эңилчек жайлоосуна баруучу жолдо жолдун негизин даярдоо иштери жүргүзүлүп жатат.
Министр жол курулуш иштеринин сапатына өзгөчө көңүл буруп, белгиленген мөөнөттөрдү так сактоо боюнча тиешелүү тапшырмаларды берди.