www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин депутаты Талант Мамытов 2022-жылы парламент төрагалыгынан кандай жагдайда кеткенин айтып берди. Мындай чечимине Жогорку Кеңештин имаратына “курал-жарак алынып киргени” негизги себеп болгонун “Азаттыкка” билдирди.
“Бул маселени ошол кезде көтөрө турган учур эмес эле. Баткен облусундагы окуялар болуп, жалпы саясий кырдаал да жакшы эмес эле. Кээ бир учурда саясатчылар саясий упай топтоого эмес, мамлекеттин келечегин да ойлоп, жеке амбицияларды басып, туура кадам жасашка аракет кылуубуз керек. Ошондой окуялар болгон. Бул боюнча ошол кездеги депутат Жусупбек Коргонбай уулунун да сүрөтү чыгып кеткен”, - деди Мамытов.
Ал ошол кезде депутаттар ич ара кеңешип, саясий жагдайды эске алып, маселени көтөрүүнүн кереги жок деп чечишкенин айтты. Бул окуя боюнча териштирүү жүргүзүп-жүргүзбөөнү тиешелүү мекемелер чече турганын, жеке өзү ал маселени козгоого каршы экенин кошумчалады.
Белгилей кетсек, Талант Мамытов Жогорку Кеңештин төрагасы кызматынан 2022-жылдын 5-октябрында кеткен.