www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте таксист айым менен болгон жаңжалдан кийин майда бейбаштыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу 15-апрелде Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Айдоочунун айтымында, окуя С.Каралаев көчөсүнөн башталган. Түнкү клубдардын биринен мас абалында түшкөн жүргүнчү сапар учурунда аялга орунсуз сунуштарды берип, сөз менен тийише баштаган. Айдоочунун эскертүүсүнө карабай, жүргүнчү жол акысын QR-код менен төлөйм деген шылтоо менен аялдын ийинине колун тийгизип, одоно мамилесин уланткан.

Бул факт Свердлов РИИБдин маалыматтарды каттоо журналына катталып, 11-апрелде шектүү катары 1974-жылы туулган К.Ж. аттуу жаран кармалды.

Ага карата Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 126-беренеси (Майда бейбаштык) боюнча протокол түзүлүп, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Тергөө жүрүп жатат.

Последние новости