www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тайвань жакында “үйүнө” кайтабы?

Тайвандын негизги оппозициялык партиясы катары саналган Гоминьдан партиясынын лидери Чжэн Ливэнь 7-12-апрель күндөрү Кытайга Си Цзиньпин тарабынан жеке чакыруу менен барат. Бул акыркы 10 жылдагы жогорку деңгээлдеги биринчи визит болуп саналат.

Гоминьдан партиясы “1992-жылкы консенсусту” колдойт жана Кытай Эл Республикасы менен диалог жүргүзүүнү жактайт. Ал эми бийликтеги партиянын лидери Лай Циндэ мындай жакындашууну четке кагат.
Парламентте оппозиция буга чейин эле 40 миллиард долларлык ири аскердик бюджетти бөгөттөп, ошондой эле Конституциялык реформаларды жүргүзүп жатат.

Ошол эле учурда Тайвандын учурдагы президенти Лай Циндэ жетектеген бийлик тескерисинче, Кытай менен саясий жакындашууга каршы чыгып, аралдын де-факто көз карандысыздыгын сактоону артык көрөт.

Саясат таануучулар белгилегендей, учурда Тайвань маселеси регионалдык гана эмес, глобалдык деңгээлдеги көйгөйгө айланды. АКШ баштаган Батыш өлкөлөрү Тайванды колдосо, Кытай аны өз аймагынын ажырагыс бөлүгү катары көрөт.

Последние новости