www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда соңку айларда аты көп айтылган Тайчабаровдордун иши жаңы нукка бурулду. Туризмди өнүктүрүү фондунун мурдагы жетекчиси, “Бишкек” эркин экономикалык аймагынын экс-директору Кудрет Тайчабаров камакта отурса, эми анын иниси Азамат Мариповду Бишкектин Биринчи май райондук соту 6-октябрда алты жылга эркинен ажыратканы маалым болду. 

Азамат Марипов социалдык тармактарда активдүү болуп, буга чейин президент Садыр Жапаровду жана УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевди колдогон билдирүүлөрү менен таанылган. Ошол эле маалда ал өзүнө карата кысым жана чагым болду деп бир нече жолу ачык кайрылууларды жасап келген.

2024-жылдын апрелинде Марипов өздөрүн “Мекенчил” партиясынын тарапкерлери деп атаган дагы беш киши менен кошо “эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу” беренеси менен кармалган. Бирок сентябрда сот “кылмыштын курамы жок” деген негиз менен алардын баарын акталган.

Камактан бошогондон кийин да Марипов Фейсбукта сынчыл билдирүүлөрүн улантып, мыйзамсыз камалгандардын укугун коргоо комитети түзүлүп жатканын жарыялаган. Бирок кийинчерээк ал Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык баш аламандыктар” жана “Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар” беренелери боюнча айыпталып кайра камалып 6 жылга кесилди.

Ал эми агасы Кудрет Тайчабаров быйыл ноябрда “уюшкан топту түзүү же ага катышуу” беренеси менен айыпталып кармалып, 30-декабрга чейин камакка алынган.

Последние новости