www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Таиландда 11 жаштагы бала атасынын уруксатысыз пикап унаасын айдап чыгып, буддист монахтардын тобун сүзүп алган. Жол кырсыгынын кесепетинен 10 адам каза болуп, дагы бир нече киши жаракат алды.
Жергиликтүү маалымат каражаттарынын билдиришинче, бала атасына таандык Isuzu үлгүсүндөгү унааны алып чыгып, шаар тарапты көздөй жөнөгөн. Жолдо ал жөө бара жаткан 34 монахтан турган колоннага келип урунган.
Кырсыктын кесепетинен 5 монах окуя болгон жерде каза тапса, дагы 5и ооруканада көз жумган.
Бир нече жабырлануучу оор абалда экени айтылууда. Ошондой эле бир өтүп бара жаткан жаран да жабыркаган.
Бала полицияга жеткирилген. Маалыматтарга караганда, анын өнүгүүсүндө айрым өзгөчөлүктөр бар экени айтылып, кырсыктан кийин ал катуу психологиялык шок абалда болгон.
Таиланд мыйзамдарына ылайык, 12 жашка чейинки балдар кылмыш жоопкерчилигине тартылбайт. Окуя боюнча иликтөө иштери уланууда.