www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орусиялык рэпер Navai (Наваи Бакиров) баңгизат аткезчилигине шектелип, Казакстанда эки айга камакка алынды. Бул тууралуу Tengrinews басылмасы кабарлады.
«Ак Жайык» гезити жана Halyqstan Telegram-каналынын маалыматына ылайык, мындай чечимди Жамбыл облусунун Кордай райондук соту кабыл алган. Басылмалардын укук коргоо органдарындагы булактары артист баңгизаттарды аткезчилик жолу менен алып өтүүгө аракет кылган деген иш боюнча тергөө учурунда камакта каларын ырасташкан.
Казакстандын ЖМКлары билдиргендей, сот жана укук коргоо органдары расмий комментарий берүүдөн баш тартышкан. Алар буга өлкөнүн Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 201-беренесин, тактап айтканда, тергөөнүн купуялуулугун негиз кылышкан.