www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Navai деген ат менен белгилүү орусиялык рэпер Наваи Бакировдун Кыргызстандан Казакстанга өтүп бара жатып баңгизат менен кармалышына байланыштуу Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы кызматтык текшерүү жүргүзүүдө.

Мекеменин билдиришинче, кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Жол” өткөрүү пунктунан өтүүдө бардык жагдайлар такталууда. Эгер мыйзам бузуулар аныкталса, күнөөлүү кызматкерлерге карата тиешелүү чаралар көрүлөт.

Казакстандын Жамбыл облусунун полициясынын маалыматына ылайык, рэпер 13-октябрда “Кордай” өткөрмө бекетинде кармалган. Ал бараткан автоунааны тинтүү учурунда баңгизат табылып, ырчы убактылуу кармоо жайына киргизилген.

Navai 12-октябрда Бишкектеги “Жаштык аренада” концерт берген. Ал эми 14-октябрда Астанада өтүшү керек болгон концерти уюштуруучулардын билдирүүсүнө ылайык, техникалык себептерден улам токтотулган.

Последние новости