www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев мектеп окуучуларынын укуктарынын сакталышын текшерүүгө чакырды.
Ал мугалимдер мектеп формасын кийбегени, чачынын узундугу же чач кыстыргычы туура эмес болгону үчүн окуучуларды сабактан кууп чыгарын, айрым учурларда кол көтөрүүгө чейин барарын белгиледи. Депутат окуучулар мугалимдерге байланыштуу даттанууларын билдириши үчүн Акыйкатчынын социалдык тармактарына кулактандыруу жарыялоону сунуштады.
Агартуу министринин орун басары Надира Жусупбекова мугалимдердин окуучуларды сабактан кууп чыгууга укугу жок экенин айтып, балдар сабакта болбосо, алардын коопсуздугун көзөмөлдөө кыйын болорун белгиледи.
Бекешев жооптуу органдарды мектептерде окуучулардын укуктарынын корголушун көзөмөлдөөгө чакырып, бул маселеге кайдыгер карабоо керектигин айтты.