www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сузактагы айылдардын биринде сел жүрдү

Күн мурун, 4-июнда саат 22:20 чамасында жааган жаандын кесепетинен Сузак районунун Төш айылында сел жүрдү.

ӨКМдин Жалал-Абад облустук башкармалыгынан билдиришкендей, кокту-колоттордон келген сел суулары айылдагы 20 турак үйдүн короосун каптаган. Анын ичинен 2 турак үйдүн кампасына жана 4 турак үйдүн сарайына суу кирген.

"Бүгүн, 5-июнда селдин кесепеттерин жоюу иштерине 21 куткаруучу, 3 мотопомпа, жарандык коргонуу кызматтарынан 42 кызматкер жана жергиликтүү тургундар тартылды", - деп айтылат маалыматта.

Телгиленгендей, учурда тазалоо жана калыбына келтирүү иштери улантылууда.

Последние новости