www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

УКМК: Чүйдө 28 адам криминалдан баш тартты

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) уюшкан кылмыштуу ишмердүүлүккө каршы күрөшүү жана укук бузуулардын алдын алуу максатында профилактикалык иш-чара өткөрдү.

Мекеменин маалыматына ылайык, 4-июнда Чүй облусу боюнча УКМК башкармалыгынын административдик имаратында ыкчам каттоодо турган, уюшкан кылмыштуу топторго катышкандыгы үчүн мурда соттолгон жана кылмыштуу чөйрөдө бейрасмий макамга ээ болгон жарандар менен жолугушуу уюштурулган. Ага жалпысынан 28 адам катышкан.

Жолугушуунун жүрүшүндө катышуучуларга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана укук тартибин так сактоо зарылдыгы түшүндүрүлдү.

Ошондой эле уюшкан кылмыштуу топторду түзүү жана алардын ишине катышуу, кылмыштуу аракеттерди каржылоо, курал-жаракты мыйзамсыз сактоо, мамлекеттик органдардын ишине тоскоолдук кылуу жана башка мыйзамсыз аракеттер үчүн каралган кылмыш-жаза жоопкерчилиги тууралуу маалымат берилди.

УКМКнын маалыматына караганда, иш-чаранын жыйынтыгында катышуучулар кылмыштуу чөйрөдөгү «уурулук түшүнүктөрдөн» жана криминалдык идеологиядан баш тарта тургандыктарын билдиришкен. Ошондой эле мындан ары мыйзамсыз иш-аракеттерге катышпоого убада беришкен.

УКМК мыйзамдуулукту чыңдоо, коомдук коопсуздукту камсыз кылуу жана укук бузуулардын алдын алуу багытындагы профилактикалык иштерди туруктуу негизде жүргүзүп келерин белгиледи.

Последние новости