www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын энергетика тармагын модернизациялоо жана инфраструктуралык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү алкагында 41 даана жаңы атайын техника пайдаланууга берилди.

Техникаларды тапшыруу аземи Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков менен энергетика министри Таалайбек Ибраевдин катышуусунда өттү.

Энергетика министрлигинин маалыматына ылайык, атайын техникалар “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААКсынын өздүк каражаттарынын эсебинен 181,6 миллион сомго сатылып алынган. Алар жакынкы аралыкта өлкө боюнча электр тармактарынын ишканаларына бөлүштүрүлөт.

Жаңы техникалардын курамына жүктөгүч-экскаваторлор, автовышкалар, оор жүк ташуучу тягачтар, чиркегичтер жана авариялык-калыбына келтирүү иштерин жүргүзүүчү бригадалык унаалар кирет.

Иш-чаранын жүрүшүндө Эрлист Акунбеков техникалар менен таанышып, алардын электр тармактарынын ишенимдүү иштешин камсыздоодогу жана авариялык кырдаалдарды ыкчам жоюудагы маанисин белгиледи.

Ошондой эле ал энергетика тармагында ишке ашырылып жаткан санариптик долбоорлор жана дата-борбордун ишмердүүлүгү менен таанышты.

Министрликтин маалыматы боюнча, жаңы техникалар капиталдык курулуш жана реконструкция иштерин сапаттуу жүргүзүүгө, авариялык кырдаалдарды ыкчам жоюуга, электр менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жогорулатууга жана бөлүштүрүүчү тармактардын үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылууга мүмкүндүк берет.

Мындан тышкары, 2026-жылдын аягына чейин дагы 8 даана манипулятор сатып алуу пландалууда. Натыйжада жаңыланган техникалардын жалпы саны 49 даанага жетет.

Белгилей кетсек, 2025-жылы энергетика тармагын чыңдоо максатында жалпы суммасы 379,1 миллион сомду түзгөн 140 даана атайын техника сатылып алынып, өлкө боюнча электр тармактарынын ишканаларына бөлүштүрүлгөн.

Энергетика министрлиги жүргүзүп жаткан бул иштер тармактын инфраструктурасын жаңылоого, күз-кыш мезгилине даярдыкты күчөтүүгө жана калкты үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоого багытталган.

Последние новости