www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Сузак районунда алимент төлөөдөн узак убакыт бою баш тартып келген жаран кылмыш жоопкерчилигине тартылды. Бул тууралуу Сот аткаруучулар кызматынан билдиришти.
Сузак райондук сот аткаруучулар бөлүмүнүн өндүрүшүндө А.Л.А. аттуу жарандан бир баланы багуу үчүн алимент өндүрүү тууралуу иш каралып жаткан. Бирок карызкор алимент төлөөдөн кыянаттык менен баш тартып келгендиктен, сот аткаруучу тиешелүү материалдарды укук коргоо органдарына өткөрүп берген.
2026-жылдын 11-мартында Сузак райондук соту бул ишти карап чыгып, жаран А.Л.А.ны күнөөлүү деп таап, 1 жылга эркиндигинен ажыратты.
Бул чечим алимент төлөөдөн качкан башка жарандар үчүн мыйзам алдындагы жоопкерчиликтин катуу экенин эскертет.