www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Социалдык тармактарда мугалимдин окуучуга кол көтөргөн видеосу тараган. Билим берүү министрлиги бул окуя боюнча комментарий берди.
Жалал-Абад облусунун Сузак райондук билим берүү бөлүмүнүн маалыматы боюнча, окуя 2026-жылдын 25-мартында А.Гайдар атындагы №22 орто мектепте болгон.
"Окуядан кийин окуучунун ата-энеси мектепке чакырылып, алар тарабынан мугалимге карата эч кандай доо жок экендиги билдирилген. Учурда бул окуя боюнча райондук ички иштер органдары тарабынан териштирүү иштери жүргүзүлүүдө. Ошол эле учурда мектепте окуучулар менен социалдык педагог тарабынан тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүп жатат.
Мындан тышкары, аталган мектептин башталгыч классынын мугалими Э.Г. 2026-жылдын 16-апрелинен тартып ээлеген кызмат ордунан бошотулган",- деп айтылат маалыматтта.
Ал эми, Тurmush басылмасынын маалыматы боюнча, видеодо 51 жаштагы математика мугалими эки баланы жүрүм-туруму үчүн уруп жатканы көрсөтүлгөн. Ал мектепте 26 жыл бою башталгыч класстарга сабак берип иштеген. Мугалим өзүнүн аракеттерин жеке көйгөйлөрү менен байланыштырган. Ал ата-энелерден кечирим сураган, бирок коомчулуктун нааразычылыгынан улам кызматтан кетүүнү чечкен.