www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жайыл районунда өткөн элдик жыйында жергиликтүү тургундар Суусамыр өрөөнүндө малдардын ооруп, өлүм учурлары катталып жаткандыгы тууралуу маселе көтөрүшкөн.
Бул тууралуу алар Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү менен жолугушууда билдиришкен.
Жарандардын кайрылуусунун негизинде Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын адистери Суусамыр өрөөнүнө барып, жеринде эпизоотиялык мониторинг жүргүзүштү.
Текшерүүнүн жүрүшүндө адистер жайыттардагы малдын абалы менен таанышып, оорунун белгилери байкалган же шектүү деп табылган малдардан лабораториялык изилдөөлөр үчүн кан үлгүлөрүн алышты.
Мындан тышкары, алынган үлгүлөр Республикалык ветеринардык лабораторияга жөнөтүлүп, илдеттин түрүн тактоо боюнча иштер башталды. Ошондой эле Суусамыр өрөөнүндөгү мал көмүүчү жайлардын абалы текшерилип, санитардык-ветеринардык талаптардын сакталышы көзөмөлгө алынды.
Мал ээлери жана жергиликтүү тургундар арасында түшүндүрүү иштери да жүргүзүлдү.
Мониторингдин жыйынтыгында Суусамыр өрөөнүндө жана жалпы Жайыл районунда эпизоотиялык абал туруктуу экени аныкталды.
Учурда кырдаал тиешелүү кызматтардын көзөмөлүндө болуп, мал арасында кооптуу жугуштуу оорулардын жайылышына жол бербөө боюнча бардык зарыл чаралар көрүлүүдө.
Ветеринария кызматы мал ээлерин малдын абалында кандайдыр бир өзгөрүүлөр же оорунун белгилери байкалган учурда дароо жергиликтүү ветеринардык адистерге кайрылууга чакырды.