www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жана расмий сапар менен Кыргызстанга келген Беларустун премьер-министри Александр Турчин расмий жолугушуу аземин өткөрүштү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Азем Ала-Арча мамлекеттик резиденциясы аймагында өтүп, мамлекеттик туулар илинип, Ардактуу кароол тизилип, килем төшөлдү.
Расмий конокту тосуп алуу учурунда эки өлкөнүн мамлекеттик гимндары жаңырып, тараптар бири-бири менен саламдашты. Андан соң расмий делегациянын мүчөлөрү менен тааныштыруу иш-чарасы өткөрүлдү.
Протоколдук бөлүктүн алкагында Адылбек Касымалиев жана Александр Турчин Ардактуу кароолдун катарын кыдырып чыгышып, мамлекеттик туунун алдында таазим кылышты.
Расмий жолугушуу Кыргызстан менен Беларус ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү багытындагы маанилүү протоколдук иш-чара катары өттү.