www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Окуя кечээ, 31-январы күнү Чүй облусунун Аламүдүн районунда катталган. Саат 14:25 ӨКМге Ленин айылындагы Комунарская көчөсүнүн четинде жайгашкан көлмөдөгү муз үстүндө бала ойноп жатып сууга түшүп кетти деген маалымат түшөт. №1 Өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулар 5 мүнөт ичинде жетип, дароо куткарганга киришет.

Бала суу ичинде, музду карманып турган жээктен 15-20 метр аралыкта. Куткаруучулар аркан байланып, муздун үстү менен барып чөгүп жаткан балага аркан ыргытып, тартып чыгышкан. Жыйынтыгында куткаруучулар 2004-жылкы С.М. аттуу баланы куткарып калышкан, баланын абалы туруктуу.

КР ӨКМдин Басма сөз кызматы

Булак: NazarNews.kg

Последние новости