www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

29-октябрда Юстиция министрлигинин жана Европа Биримдигинин жана GIZ «Кыргыз Республикасында укуктун үстөмдүгү 2 – фаза» программасынын өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуу юстиция министринин орун басары Марат Канулькуловдун төрагалыгы алдында өттү. Жолугушуунун жүрүшүндө Европа Биримдигинин жана GIZ программаларынын адам укуктары боюнча кеңешчиси Болот Исаков үстүбүздөгү жылдын май айында өткөрүлгөн мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын алкагында укуктук маалыматтардын пайдалануучуларынын муктаждыктарына баа берүү боюнча талаа изилдөөлөрүнүн жыйынтыктарын сунуштады.

Изилдөөлөр Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарынын пилоттук райондорунда жарандардан мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө маалыматтык, консультациялык жана укуктук жардам алууга жетишүүдөгү бар болгон тоскоолдуктарын аныктоо жана сунуштарды иштеп чыгуу максатында өткөрүлдү. Жолугушуунун жыйынтыгында Юстиция министрлиги Европа Биримдигинин жана GIZ Программасы тарабынан жүргүзгөн иштери үчүн ыраазычылык билдирип жана калкка укуктук маалымат берүү маселеси боюнча оптималдуу инструменттерди иштеп чыгуу үчүн мамлекеттик аймактык органдарынын арасында ушундай эле изилдөөлөрдү жүргүзүүнүн зарылдыгы жөнүндө сунуштарын кароого даярдыгын билдирди. 

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости