www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Каспий деңизиндеги аскердик машыгууда 14 аскер кызматкеринин каза болушуна байланыштуу трагедиянын жагдайларын гана эмес, машыгуунун өзүнүн кандай максатта уюштурулганын да аныктоону талап кылды.

Бул тууралуу казак президентинин билдирүүсүнө таянып, жергиликтүү маалымат каражаттары жазышты.

Токаев буга чейинки трагедиялардан сабак алынбаганын белгилеп, машыгуунун планын ким иштеп чыгып, ким бекиткенине кызыкты.

Ошондой эле Башкы штабдын ролун жана иш-аракеттерди координациялоосун, аскер-деңиз күчтөрүнүн башкы командачысы эмне себептен машыгууга катышпаганын тактоону талап кылды.

«Жоопкерсиздик, шалаакылык жана көз боёмочулук көнүмүш көрүнүшкө айланды. Мунун баары аскер ведомствосунун жетекчилигинин кайдыгерлигинин кесепети», — деди Токаев.

Эске салсак, буга чейин Каспий деңизиндеги аскердик машыгуу учурунда толкун аскер кызматкерлерин алып кетип, 14 аскер каза болгон.

 

Последние новости