www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарындагы №18 кесиптик лицейдин бүтүрүүчүсү Ханифа Сыргакова WorldSkills Shanghai 2026 дүйнөлүк кесиптик чеберчилик чемпионатынын жыйынтыгында “Best of Nation” сыйлыгына ээ болду.
Ханифа Сыргакова «Мода технологиясы» компетенциясы боюнча Кыргызстандын атынан катышып, улуттук курама команданын мүчөлөрүнүн арасынан мыкты жыйынтык көрсөткөнү үчүн аталган сыйлык менен белгиленди.
Чемпионат 22–27-сентябрда Кытайдын Шанхай шаарында өтүп, ага 68 өлкө жана аймактан 1400гө жакын жаш адис катышты. Катышуучулар 64 компетенция боюнча кесиптик чеберчиликтерин көрсөтүштү.
Кыргызстандын курама командасы жети багыт боюнча күч сынашты. Алар: «Ширетүү технологиялары», «Ашпозчулук иши», «Мода технологиясы», «Өнөр жай дизайнынын технологиялары», «Графикалык дизайн технологиялары», «Веб-технологиялар» жана «Мобилдик тиркемелерди иштеп чыгуу».
Кыргызстандын курама командасынын чемпионатка катышуусун «WorldSkills Kyrgyzstan» коомдук фонду Агартуу министрлиги менен биргеликте уюштурган.
Белгилей кетсек, Кыргызстан WorldSkills кыймылына 2023-жылдын 27-сентябрында Дублин шаарында өткөн Башкы ассамблеянын сессиясында 86-мүчө өлкө катары расмий кошулган.
2026-жылы Кыргызстан WorldSkills International уюмунун толук укуктуу мүчөсү болгон.