www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектин түштүк тарабында эки бир тууган оюнчук тапанча менен коркутуп, Бишкектик тургундун телефонун тартып алышкан. Бул тууралуу NazarNews маалымат агенттигине борбор калаанын Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнөн билдиришти.

Белгиленгендей, 11-июлда С.Б. райондук ички иштер бөлүмүнө арыз менен кайрылган. Ал Юнусалиев жана Сүйөркулов көчөлөрүнүн кесилишинде аны эки жигит тапанча менен коркутуп, уюлдук телефонун алып, көздөн кайым болушканын маалымдаган. Бул факт КРнын Кылмыш-жаза кодексинин "каракчылык" беренеси менен каттоого алынган.

Издөө учурунда шектүүлөр аныкталды. Алар 1997-жылы туулган А.А. жана 1999-жылы туулган А.А. аттуу бир туугандар экендиги аныкталган. Шектүүлөр кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Бирок алар Октябрь райондук соту тарабынан үй камагына чыгарылышкан.

Кылмышка шектүү жабырлануучунун телефонун жана Бишкек шаарынын тургуну коркуткан оюнчук тапанчасын далил катары берген.

Два брата, угрожая игрушечным пистолетом, отобрали телефон у мужчины

Булак: NazarNews.kg

Последние новости