www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, Жалал-Абад ШИИБмү Кыргыз Республикасынын Эмгек жана Социалдык өнүгүү министрлиги Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-апрелиндеги балдарды, улгайган адамдарды жана майыптарды коргоонун эл аралык күнүн жыл сайын өткөрүү жөнүндөгү буйруктардын негизинде ШИИБмү тарабынан ички иштер органында кызмат кылып ардактуу эс алууга чыккан милиция кызматкерлерине жана жашы ак сакалдарга сый тамак уюштурулуп, алар менен насаатчылык пикир алмашуулар өткөрүлдү.
Анда Жалал-Абад ШИИБнүн башчысы Э.Молдокеев ардагерлер менен маегинде алар менен азыркы учурдагы жаш милиция кызматкерлерине өздөрүнүн акыл-насааттарын айтышып, алар менен тыгыз иш алып барышты. Бул үчүн атайын ыраазчылык билдирип, үй-бүлөлүк тынчтык жана жакшылыктарды каалады.
Андан тышкары, Улуу Ата-Мекендик согуштун арадагери, ички иштер кызматында иштеп, ардактуу эс алууга чыкан 94 жаштагы Г. Мингараев атанын үйүнө барып, анын ден-соолугун сурап, материалдык жардам көрсөтүлдү. Мындай иш- чаралар бир эле белгиленген күндө гана эмес, байма-бай өткөрүлүп келет.
Булак: NazarNews.kg