www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош мэриясы Сулайман-Тоону айланта түзүлгөн беш чакырымдык буфердик аймактын чегин кайрадан карап жатышканын билдирди. Учурда бул маселе боюнча атайын өкмөттүк комиссия түзүлүп, жеринде изилдөө жүргүзүлүүдө. Комиссияга ЮНЕСКОнун өкүлдөрү да кошулары айтылды.

Мэриянын планына ылайык, тарыхый жайдын айланасы иретке келтирилип, ал жердеги эски көрүстөндү рекультивациялоо каралууда. Ошондой эле тоону айланта жол салуу жана туристтер үчүн электромобилдерди иштетүү боюнча долбоор бар.

«Буфердик зонанын чектөөсүнөн тышкары эч нерсе кыла албайбыз. Тоонун өзүнө тийбейм, бирок этегин тазалап, гүл эгип, жол салып коё тургандай абалда сактаса болот. Тамчылатып сугарбасак, кургак чөп өрттүн коркунучуна дуушар болот», — деп билдирди Токторбаев.

Мындан улам, аталган аймакты мэриянын түз көзөмөлүнө өткөрүү зарылдыгы айтылууда. Белгилей кетсек, Сулайман-Тоо Маданият министрлигинин карамагындагы комплекс болуп, ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесинде турат.

Сулайман-Тоонун буфердик аймагы – тарыхый жана маданий баалуулуктарды коргоо үчүн аны айлантып белгиленген коопсуздук зонасы. Анын негизги максаты мыйзамсыз курулуштарды, ашыкча коммерциялык ишмердүүлүктү жана табигый мүнөздү бузууну алдын алуу болуп саналат.

Последние новости