www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкекте Кыргызстан менен Катардын Тышкы иштер министрликтеринин ортосундагы Үчүнчү саясий консультациялары өттү.
ТИМден билдиришкендей, аны Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Темирбек Эркинов жана Катардын тышкы иштер министринин орун басары доктор Ахмад бин Хасан Аль-Хаммади жетектеди.
Консультациялардын жүрүшүндө тараптар саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык тармактардагы эки тараптуу мамилелердин учурдагы абалын, ошондой эле жакынкы аралыкта өз ара аракеттенүү пландарын, анын ичинде эң жогорку жана жогорку деңгээлдерде сапарларды уюштурууну талкуулашты. Мындан тышкары, тараптар кол коюлган документтерди ишке ашыруу, ошондой эле эки тараптуу келишимдик-укуктук базаны кеңейтүү маселелерин талкуулашты.
Эл аралык жана аймактык күн тартиби боюнча жемиштүү пикир алмашуу болуп, БУУнун, ИКУнун жана башка эл аралык уюмдардын алкагында өз ара колдоо көрсөтүүгө даяр экендиги тастыкталды.
Тараптар жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын жана Катардын Тышкы иштер министрликтеринин ортосунда үзгүлтүксүз эки тараптуу жолугушууларды өткөрүү жөнүндө өз ара макулдашууга жетишти.