www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Тренер катары Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинин окутуучусу, юридика илимдеринин кандидаты, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун отставкадагы судьясы Чынара Мусабекова болду.
Тренингдин максаты — судьялык коомчулуктун ишмердүүлүгүнүн негизин түзгөн этикалык стандарттарды терең түшүнүүгө жетишүү болду. Айрыкча, коррупциялык көрүнүштөр жана ага каршы туруу, Кыргыз Республикасынын судьясынын Ар-Намыс Кодексинин жоболорун сактоо, ошондой эле судьянын мыйзам бузууларына карата тартиптик чараларды колдонууда тең салмактуулук принцибин сактоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
Тренингдин жүрүшүндө катышуучулар судьянын кызматтык жана кызматтан тышкаркы этикасынын негизги аспектилерин талдап, сот тутумунун өкүлдөрү туш болгон реалдуу кырдаалдар менен укуктук дилеммаларды талкуулашты. Айрыкча кызыгуу жараткан бөлүгү — судьялардын жүрүм-туруму боюнча Бангалор принциптерине берилген комментарийлерди изилдөө болду. Бул принциптер иш-чаранын мазмундук өзөгүн түздү.
Окуу интерактивдүү форматта өтүп, катышуучулар активдүү талкууга катышууга, өз тажрыйбасы жана көз карашы менен бөлүшүүгө, ошондой эле этикалык нормаларды күнүмдүк сот практикасына колдонуу боюнча практикалык ыкмаларды биргеликте иштеп чыгууга мүмкүнчүлүк алышты.
Бул тренинг сот бийлигине болгон коомдук ишенимди арттырууга жана кесиптик этикага карата бирдиктүү мамилени калыптандырууга көмөк көрсөткөн маанилүү кадам болду.