www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын аскердик контингенти 1941 – 1945 жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына арналган парадга кетти. Бул тууралуу Куралдуу Күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, бүгүн, 24-апрелде Орусиянын Коргоо министрлигинин «Кант» авиациялык базасы аркылуу Кыргызстандын Улуттук гвардиясынын параддык эсеби Совет элинин 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Улуу жеңишинин 80 жылдыгына арналган аскердик парадда Москва жана Беларусиянын Минск шаарларына учуп кетти.
«Бул ардактуу милдет, алардын саптык даярдык деңгээлин эске алуу менен Улуттук гвардиянын аскер кызматчыларына, тактап айтканда Ардак кароол ротасына жүктөлгөн. Бул гвардиячылардын Кыргызстандан тышкары катышкан биринчи парады эмес»,— деп айтылат маалыматта.
Улуттук гвардиянын Ардак кароол ротасы Пекиндеги, Москвадагы жана Минскидеги аскердик параддарга катышып, парад көрүүчүлөрүн суктандырып, параддын командачыларынан мыкты бааларды жана жоопторду алып, ар дайым мыкты саптык даярдык жана түздөнүү жактарынан өзгөчөлөнүп келген.