www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 24-апрелде Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кыргызстандык Н.у.А.нын Түркияда кармалганына байланыштуу Түркиянын Кыргызстандагы Элчилигинин консулу менен жолугушту. Бул тууралуу аталган министрлик билдирди.
Маалыматта айтылгандай, жолугушууда ТИМ Түркия тарапка аталган окуя боюнча расмий маалымат берүүнү өтүнүп, ошондой эле кармалган Н.у.А.га ыкчам консулдук жеткиликтүүлүктү камсыздоо боюнча вербалдык нота тапшырылды.
ТИМ Кыргызстандын Стамбул шаарындагы башкы консулдугу кармалган жаранга адвокат табууга көмөк көрсөтүлгөнүн билдирди.
Ошондой эле министрлик олимпиадага катышкандардын бир бөлүгү Кыргызстанга учуп келгенин, калганы жакында келерин кошумчалады.
Эске салсак, “Маариф” (мурдагы “Сапат”) фондунун Ысык-Көлдөгү Кусеин Карасаев балдар лицейинин математика мугалими Азамат Нурмат уулу Түркияга окуучуларын олимпиадага алып барганда Стамбул аэропортунда кармалган.