www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Укук коргоо органдарындагы коррупцияны аныктоо жана ага бөгөт коюу боюнча системалуу иш-чаралардын алкагында КР УКМК Талас облусунун райондорунун биринин прокурорунун орун басары С.К.О.нун пара алуу фактысын аныктады.
Тактап айтканда, С.К.О. мыйзам талаптарын одоно бузуп жана прокурордун жогорку наамын жаманатты кылып, кызматтык абалын жеке кызыкчылыгы үчүн кыянаттык менен пайдаланып, мурда пробацияга жана айып пул санкцияларына кесилген адамдарга басым жасап, соттун өкүмүнө даттануу аркылуу реалдуу эркинен ажыратуу түрүндөгү жаза дайындатам деп коркутуп, алардан системалуу түрдө 2000 АКШ доллары өлчөмүндө акча талап кылганы аныкталган.
Бул кылмыштуу аракеттердин натыйжасында, С.K.O. өлкө жетекчилиги тарабынан жүргүзүлүп жаткан системалуу коррупцияга каршы саясатка олуттуу зыян келтирип, жарандардын мамлекеттик органдарга болгон ишенимин төмөндөтүүгө себепчи болгон.
Ушул жылдын 1-февралында КР УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө КР Башкы прокуратурасынын Коопсуздукту камсыздоо бөлүмүнүн өкүлүнүн катышуусунда С.К.О. 140 000 сом өлчөмүндөгү паранын бир бөлүгүн алып жаткан жеринен кармалган.
Учурда кармалган жаран КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, мыйзамсыз ишмердүүлүктүн башка фактыларын, ошондой эле башка кызмат адамдарынын катышуусун аныктоого багытталган бир катар тергөө иш-аракеттери жүргүзүлүүдө.