www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 21-январда, өлкөнүн жеңил өнөр жай тармагынын өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Иш-чарага өлкөнүн тигүү тармагынын, маркетплейстердин, логистикалык компаниялардын, мамлекеттик жана коммерциялык банктардын өкүлдөрү, ошондой эле тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилери катышты.

Жолугушууда тармакты өнүктүрүүнүн учурдагы көйгөйлүү маселелери айтылып, аларды чечүү боюнча сунуштар берилип, талкуу жүрдү.
Мамлекет башчысы жеңил өнөр жайы мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин баса белгиледи.
Талкуунун жыйынтыгында Президент Садыр Жапаров Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиевге, ошондой эле тиешелүү министрлерге жана мамлекеттик органдардын жетекчилерине учурдагы көйгөйлөрдү чечүүгө жана тармакты мындан ары өнүктүрүүгө багытталган бир катар конкреттүү тапшырмаларды берди.




